Жалал-Абад шаарында аялдардын эл аралык майрамы белгиленди
Бүгүн, 7-март күнү Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында 8-март -Аялдардын эл аралык майрамы белгиленди.
Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айымдар жана шаар тургундары катышты.
Калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, жалпы аялзатынын майрамы менен куттуктап, аялдардын коомдогу орду чоң экендиги баса белгиледи. Ошондой эле шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыктары үчүн, бир топ мекемелердин кызматкерлерине, ишкер айымдарга шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин Ардак грамота жана белектерди тапшырды.Иш-чаранын соңунда концерттик программа тартууланып, келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.
Белгилей кетсек, 8-март-Аялдардын эл аралык майрамына карата шаар бийлиги ар тармакта эмнектенген, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон 200 аялга 500 сомдон акчалай белек берди.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору.