
Жалал-Абадда 7-Апрель - Элдик революциянын 12 жылдыгы белгиленди.
Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында 7-Апрель Элдик революциянын 12 жылдыгы белгиленип, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомчулук катышышты.
Алгач митинг-реквиемге келгендер 2010-жылы 7-Апрелде бийликтин колунан каза болгондордун элестерине гүл чамбарларды коюшту. Андан кийин, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Элдик революиянын маани маңызы боюнча сөз сүйлөштү. Акырында 2010-жылы 7-Апрелде бийликтин колунан каза болгондордун арбактарына багышталып куран окулду.
МААЛЫМАТ
Сайттагы материалдарды колдонууда сайтка шилтеме (ссылка) милдеттүү түрдө керек. Көчүрүү, жарыялоо, басып чыгаруу (печать), маалыматтарды таркатуу сайтка шилтемеси жок тыюу салынат. Реклама боюнча суроолор болсо anarhan68@mail.ru кайрылыңыздар.
Дарек: Жалал-Абад шаары Эркиндик көчөсү-11
Cайт менен байланыш: 0773 47 15 61
Эл.дарек: anarhan68@mail.ru
inv.kg - сервис по учету ТМЦ